КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 27-марты №23
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 21.02.2023-жылдагы №15т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылына ичүүчү таза суу кампасын куруу үчүн Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулган №707, №560-контурларындагы 0,60 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |