Редакцияот 21.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 21-июлу № 133

2023-жылдын 1-жарым жылдыгына бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө

2023- жылдын 1-жарым жылдыгына карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө ФЭБ башчы Л.З. Молдалиеванын маалыматын угуп, талкуулагандан кийин, Биринчи май айылдык кеңешинин сесиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

Киреше салыгы, кыймылсыз мүлк салыгы, айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салык боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн тактоого байланыштуу.

1. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү:

-11111100 киреше салыгы - (+) 350,0 миң сом;

-11311200 кыймылсыз мүлк салыгы - (+) 500,0 миң сом;

-11321300 айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгы -(+) 500,0 миң сом;

Жалпы бюджети: 1350,0 миң сом;

2. Бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүү:

- Бөлүм 70921 - Орто мектептер 31112320-берене - мекемелерди капиталдык оңдоо имараттар - (+) 1350,0 миң сом;

3. Атайын киреше бөлүгүн кыскартуу эсеп:

-14232400 акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше (ата-энелик төлөм) - (-) 260,4 миң сом;

Атайын үчүн жалпы эсеп: (-) 260,4 миң сом;

4. Атайын чыгаша бөлүгүн кыскартуу эсеп:

- 70911-бөлүм - Бала бакчалар 22181100- берене - тамак-аш азыктарын сатып алуу - (-) 260,4 миң сом.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Л.З. Молдалиевага жүктөлсүн.

 

Биринчи май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.И. Акматалиев