Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 21-июлу № 134

01.01.2023-жылга карата бюджет боюнча 900,0 миң сом. акча каражаттын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө

 01.01.2023-жылга карата 900,0 миң сом акча каражаттарынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап жана 44- ст. 4-пунктунда негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин «Бюджеттик жылдын аягында түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн суммалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө калат. Көрсөтүлгөн кирешелер алып коюуга жатпайт жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык кезектеги бюджеттик жылда жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жүзөгө ашырууга пайдаланылат ”, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. 01.01.2023-жылга карата бюджет боюнча 900,0 миң сом суммасында акча каражаттарынын калдыгы төмөнкү бөлүмдөрдө бөлүштүрүлсүн:

Бөлүм 70921 - "Орто мектептер".

-31112320-статьясына - 648,0 миң сом. (АРИС долбоору боюнча кошо каржылоо)

2. Биринчи зарылдыктагы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу (ЖК 12-бер., ЖК 4.1-пункт. жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 21-ст. 8-п. 27.10.2021-ж. № 125), ошондой эле профсоюз комитетинин өтүнүч каты 05.07.2023-ж. № 8 компенсациялык кошумча төлөмдөрдү бекитүү:

Бөлүм 70111-аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары

- статья 22241100 - 252,0 миң сом. (көмүр сатып алуу);

Бардыгы: 900,0 миң сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Л.З. Молдалиевага жүктөлсүн.

 

Биринчи май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.И. Акматалиев