Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 21-июлу № 145

Биринчи Май айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жана сатууга макулдук берүү жөнүндө

 Биринчи Май айыл өкмөтүнө жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана сатууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2-беренесинин 25-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктуна "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар жана мандат боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде 2023-жылдагы 17- июлундагы №14, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы, -

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Ак-Суу айылындагы, Заводская көчөсү н/ж дареги боюнча жайгашкан Заводская көчөсүнүн № 61 чыгыш тарабынан, аянты 702,0 ч.м. короодогу турак жай куруу зонасындагы жер участогун Биринчи Май айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүүгө макулдук берилсин жана ачык тоорук (аукцион) жолу менен сатууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомду жана бекитүү актысын даярдоо, ошондой эле тийиштүү документтерди "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Москва филиалында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык каттоодон өткөрүү Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алымбековко жүктөлсүн.

 

Биринчи май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.И. Акматалиев