Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

2023-жылдын 11-августу № 150

республикалык бюджеттен келип түшкөн максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү жөнүндө

   Республикалык бюджеттен стимулдаштырууга багытталган максаттуу трансферттердин келип түшүүсү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

 

1. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерден 146,3 миң сом өлчөмүндөгү түшкөн акча каражаттары чыгашалардын зарыл беренелерине бөлүштүрүлсүн:

 

- Бөлүм 70629-ТЖКЧнын

22154900-беренеси - 3,0 миң сом. (башка кызматтарга акы төлөөгө байланыштуу башка чыгымдар);

 

- Бөлүм 71093 социалдык камсыздоо кызматтары

27213100-беренеси - 40,0 миң сом. (жеңилдиктердин ордуна компенсация жана калктын жеңилдиктери);

 

- Бөлүм 70624 коммуналдык чарба комбинаттары

25121100-беренеси - 103,3 миң сом. (финансылык мамлекеттик ишканаларга субсидиялар);

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.

 

Биринчи май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.И. Акматалиев