БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 152
айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жана"Мурас" паркын КР ӨКМ караштуу № 86123 мекемесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековдун айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жана "Мурас" паркын КР ӨКМ караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын № 86123 аскер бөлүгүн мекемесине ыкчам башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Биринчи Май айыл өкмөтүнө айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жана "Мурас" паркын ажыратуу укугусуз КР ӨКМ караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын № 86123 аскер бөлүгүнүн мекемесине оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Биринчи май айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.И. Акматалиев |