Редакцияот 09.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 9-марты № 12

Кара-Булак айылындагы Суу-Башы каналын Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 24-февралындагы “ Кара-Булак айылындагы узундугу 25 км болгон Суу-Башы каналын Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүү жөнүндө” № 84 сандуу чыгыш каты жана Кара-Булак айылынын элдик жыйынынын № 2 протоколун негиз кылып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагында турган Кара-Булак айылындагы узундугу 25 км болгон Суу-Башы каналы Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.  Тиешелүү болгон иш-кагаздарды даярдап, жогоруда аталган каналды Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров