Редакцияот 09.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 9-марты № 14

Коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуунун абалы жөнүндө

     Баткен РИИБнүн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы милициянын улук участкалык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Ж.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баткен РИИБнүн милициянын участкалык тескөөчүлөрүнүн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуу боюнча аткарган иштери “канааттандырарлык”деп табылсын.

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров