Редакцияот 09.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 9-марты № 16

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын 2022-жылдын 30-мартында кабыл алынган “ Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерди башка максаттарга пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү” № 59 токтомуна түзөтүү киргизүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 2-3-беренелеринин 1-пунктунун, 10-беренесине ылайык, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтомунун, типтүү жобосунун негизинде, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерди башка максатта убактылуу пайдаланууга айылдык кеңеш тарабынан макулдук берилсин.

 

2. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерди, аныктап тактоо иштерин жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Абдуматовго тапшырылсын.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров