Редакцияот 09.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 9-марты № 18

Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 30.01.2023-жылдагы №01-13/18сандуу катын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 21-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

2.  Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

3.  Кабыл алынган Жергиликтүү жамааттын уставынын негизинде айыл аймакта иш алып баруу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров