Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIVсессиясы

2023-жылдын 27-январы № 1

Шарк айыл аймагынын Ташлак айылындагы №420 контурдагы 0,30 га жер аянтын Кара-Суу райондук прокуратурасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кара-Суу районунун прокуратурасынын 26.12.2022-жылдагы №1-44-3436-22 сандуу катында көрсөтүлгөн Кара-Суу райондук прокуратурасынын кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу жана Шарк айыл аймагынын №420 контурундагы калктуу конуштан турак-жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү сунушун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн июнь 2006-жылдагы  токтомун  жетекчиликке алып, Шарк айылдык кеңеши

 

Токтом кылат

1. Шарк айыл өкмөтү Ташлак айылынан №420 контурунан кызматтык турак үй куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга Кара-Суу районунун прокуратурасына 0,30 га жер аянты ажыратылып берилсин;

 

2. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кадастр” мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынан суралсын;

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык кеңешинин «Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.

 

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С.Абзалов