Редакцияот 04.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVсессиясы

2023-жылдын 4-февралы № 2

Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-2027-жылдарга карата жарандарга турак жай куруу үчүн жер участоктор менен камсыздоо  боюнча программасын бекитүү жөнүндө

 

Шарк айыл аймагында жашаган жаңы үй-бүлөлөргө жана айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаштарды өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн, Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-2027-жылдарга карата жарандарды турак жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыздоо жөнүндөгү программасын бекитүү боюнча карап, талкуулап Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы

 

Токтом кылат:

1.Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы участкасындагы 114,6 га жер аянты Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-2027-жылдарга карата жарандарды турак жай куруу үчүн  жер участоктору менен камсыздоо жөнүндөгү программасы бекитилсин (тиркелген программа 4 баракта).

2.Аталган программаны ишке ашыруу боюнча Шарк айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С.Абзалов

 

 

 

Шарк айыл өкмөтүнүн 2022-2027-жылдарга карата

жарандарга турак жай куруу үчүн жер участоктор

менен камсыздоо  боюнча Программасы.

 

 

Шарк айыл өкмөтүнүн, жарагдарды турак жай курууга жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы

Киришүү.

Программанын максаты жана милдеттери.

Айыл тургундарын жер участогу менен камсыз кылууну иликтөө.

Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизмдери.

Күтүлүүчү натыйжалар.

1.Киришүү.

Шарк айыл аймагынын тургундарын турак жай куруу үчүн жер участогу менен камсыз кылуу боюнча Программа (мындан ары- Программа) Кыргыз Республикасынын «Жер участоктрун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32- беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга жана тейлөөгө берилет деп белгиленген.

Шарк айыл аймагында жыл сайын жаңыдан үй бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, чоң кожолуктарда турмуш кургун жаңы үй бүлөлөрдүн саны 2-3 жеткен учурлар бар. Азыркы күндө кезекте турган жер участогуна муктаж жарандардын саны дээрлик 8000ден ашык кишиге жеткен.

Айыл өкмөтү, айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен жергиликтүү аймактардын шарттарын карап чыгып, турак жай куруу үчүн жер участогуна муктаж болгон жарандарга жер участогун бөлүп берүү иштери Программанын негизинде жүргүзүлүүсү белгиленген.

2.Программанын максаты жана милдеттери

Шарк айыл аймагында жашаган жаңы курулган үй бүлөлөрдү жана айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаштарды өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:

Айылдардагы турак жай курууга муктаж болгон үй бүлөлөрдүн тизмесин тактоо;

Турак жай  курууга муктаж үй бүлөлөрдүн жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү;

Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо;

Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча тийиштүү  органдарга сунуштарды берүү.

 

3.Айыл тургундарын жер участогу мененкамсыз кылууну иликтөө.

 

2022-2027- жылдар аралыгында жарандарга турак үй куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жерлер, Шарк айыл аймагынын Ачы участкасында пландаштырылып, жалпы аянты 114,60 га түзөт. Анын ичинен:

-  Кайрак айдоо №2  контурундагы 8,64 га , № 4-контурундагы 16,68 га № 6-контурундагы 14,40 га, № 7 контурундагы 19,76 га , № 10-контурундагы 10,53 га, №13-контурундагы 1,76 га, № 17-контурундагы 1,40 га жалпы 73,17 га

  Жайыт  № 1-контурундагы 3,40 га, № 3-контурундагы  5,16га , № 5 контурундагы 3,66 га, №11-контурундагы 10,27 га, № 16 контурундагы 1,62 га,жалпы 24,11 га 

көп жылдык бактын жерлери; № 8 контурундагы 2,56 га, № 9 контурундагы 9,50 га, №15 контурундагы 0,87 га, №25 контурундагы 1,50 га, № 26 контурундагы 0,90 га, №27 контурундагы 1,10га, жалпы 16,43га

•сай түрүндөгү № 18 контурундагы 0,89 га жерлери болуп эсептелет.

Ошондуктан, Шарк айыл аймагынын жеке менчик турак жай курууга жер участокторун алууга кезекте турган тургундардын муктаждыктарын эске алуу менен “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19 -мартындагы №169 токтому менен бекитилген “жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобонун талаптарына ылайык иш жүзүнө ашыруу зарыл.

4.Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизмдери

Программаны иш жүзүнө ашыруу, Жер участокторун которуу (транформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19 -мартындагы №169 токтому менен бекитилген “жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө”убактылуу жобонун жана башка тийиштүү мыйзам актыларынын талаптарына ылайык, тийиштүү иш кагаздарынын топтомун – жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзүп, Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилип, иш жүзүнө ашырышат.

Пландаштырылган жер аянттарынын айыл чарба өндүрүшүнө пайдаланууга жараксыз абалда экендигин эске алуу менен аталган жер аянттарынын калктуу конушка жакын жайгашуусу инженердик коммуникацияларды, электр энергиясын берүү линияларын, суу түтүктөрүн, телефон линияларын тартууга, ошондой эле медициналык кызмат, мектеп, балдар бакчасы маселелерин чечүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин аныктайт.

5.Күтүлүүчү натыйжалар.

 Программада  көрсөтүлгөн  милдеттерди жана иш чараларды кыйшаюсуз өз  тартибинде аткарылуусу жакшы жыйынтыктарга алып келет.

Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш чараларды аткаруу менен сунушталып жаткан жер аянттарына кезекте турган муктаж жарандардын жеке менчик турак жай куруу укугуна ээ болуусу пайда болот.

Бир үй-бүлөдө көп үй-бүлөлөрдүн жашап жатышы, үй куруп өздөрүнчө тиричилик кылууга багыт алуусу, жаш үй-бүлөлөрдүн араздашуу жана ажырашуу маселелеринин азаюусу, айыл аймагында кожолуктун, калктын санынын көбөйүүсү, жер салыктарынын жана социалдык төлөмдөрдүн көп өлчөмдө топтолушун көздөгөн жетишкендиктерге алып келет. Мындан сырткары, көптөгөн социалдык маселелер чечилип, мыйзам чегинде жеңилдиктери бар болгон айыл тургундарынын мамлекетке болгон ишеничтерин бекемдейт, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоого болгон үмүтүн арттырууга, үй-бүлөлөрдө психологиялык абалды стабилдештирүүгө өбөлгө түзөт.

 

    Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                                                                                                                                                   У.А.Батыров