Редакцияот 12.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2- сессиясы

2023-жылдын 12-апрели № 13

“Cosa 1000”  проекти тарабынан  ичүүчү таза  суу  менен камсыздоо максатында курулуп жаткан таза суу кампасын курууга жер тилкесин берүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна ылайык  Савай  айылдык  округунун кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Савай айыл өкмөтүнүн  Октябрь айылына суу кампа куруу үчүн 0,80 га жер аянты берилсин.

2.  Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Савай айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык кеңешинин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Абдумалик уулу