САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2- сессиясы
2023-жылдын 12-апрели № 15
Кең-Сай айылындагы № 886-контурунда жайгашкан социалдык объектинин башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Кең-Сай айылындагы №886-контурунда жайгашкан жалпысы 0,30 га жердин 0,16 га жерине 2017-жылы Кең-Сай айылынын 4 жашоочусу тарабынан, 4 үй салынып жашап жаткандыгы жөнүндөгү арызын Савай айылдык кеңешинин депутаттары карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөүнүн аймагындагы Кең-Сай айылындагы №886-контурунда жайгашкан социалдык объектин жалпысы 0,30 га жеринин 0,16 га жер аянтынын башкы планына өзгөртүү киргизилсин.
2. Кара-Суу шаар курулуушу жана архитектура башкармалыгынан башкы планга өзгөртүү киргизүү суралсын.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдумалик уулу |