САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2- сессиясы
2023-жылдын 12-апрели № 16
Кыдырша айылына спорт зал курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна ылайык Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша айылына спорт зал курууга 0,24 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдумалик уулу |