ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы
2023-жылдын 03-октябрындагы № 27-3
«Сары-Таш» айылынын тургуну Ы.Рысбаевге жергиликтүү бюджеттин эсебинен дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүү максатында
Күн тартибиндеги маселе боюнча Сары-Таш айылынын Ы.Рысбаевдин жазган арызы менен таанышып, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп, медициналык корутундулар менен таанышып чыгып, чындыгында «Сары-Таш» айылынын тургуну, 1-топтогу майыбы Рысбаев Ысмайыл Таалайбековичке Ош шаарына барып дарылануусу үчүн акча каражат зарыл болуп жаткандыгынан, үй-бүлөсү материалдык жактан колдоого муктаж болуп турган учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жактан жардам берүү максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сары-Таш» айылынын тургуну Рысбаев Ысмайыл Таалайбековичке дарылануу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары 10 (он) миң сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Ибрагимовго жергиликтүү бюджеттин тийиштүү беренелеринен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берилишин камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы маселелери, инвестиция, өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Осмоналиев |