АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 20-сессиясынын токтому
2023-жылдын 30-майындагы № 79
Чүй облусу боюнча маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана иштетүү боюнча талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө
Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-майындагы №13 токтому менен бекитилген регламентинин 1-бөлүмүнүн, 2-главасынын 19-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 5-апрелиндеги №96-р буйругунуна ылайык:
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чүй облусу боюнча маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана иштетүү боюнча талаптардын эрежелери бекитилсин (мындан ары Эрежелер);
2. Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке бекитилген Чүй облусу боюнча маалыматтык жана жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштыруу жана иштетүү боюнча талаптардын эрежелерин аткаруу жана жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |