Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 23-январы № 1

 

“Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө

 

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Маловодное - Кара-Сакал  айылынын трассасынын боюнда жайгашкан,  жалпы аянты 1,8 га жерди, анын ичинен №164 контурда  - 1,5 га сугат айдоо жерин жана №162 контурда  - 0,3 га жайыт жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө туруктуу Жер комиссиясынын 20.01.2023-ж. №2 протоколунун негизинде органикалык айыл чарба продукциясын     кайра иштетүүчү      завод    куруу үчүн    карап чыгып  Кызыл-Туу  айылдык  Кенеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Маловодное - Кара-Сакал  айылынын трассасынын боюнда жайгашкан,  жалпы аянты 1,8 га жерди, анын ичинен №164 контур боюнча - 1,5 га сугат айдоо жерин жана №162 контур боюнча - 0,3 га жайыт жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга уруксат берилсин.

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовго жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  туруктуу ИЖС жер  комиссиясына жүктөлсүн..

 

 

Айылдык кенештин төрагасы

 

Иманалиев К.Ю.