ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезексиз он бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2023-жылдын 7-марты № 15/6
Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы маданият үйүнө чыгаан акын Тургумбай Эргешовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы 2023-жылдын 4-январындагы №5 жана Беш-Кемпир айылынын тургундарынын 2023-жылдын 12-февралындагы №6 элдик жыйынын,Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы маданият үйүнө чыгаан акын Тургумбай Эргешовдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарын угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы маданият үйүнө чыгаан акын Тургумбай Эргешовдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Буйга жана Беш-Кемпир тургундарынын элдик жыйынынын сунуштары колдоого алынуу менен бекитилсин.
2.Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы маданият үйүнө чыгаан акын Тургумбай Эргешовдун ысымы ыйгарылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Чалма айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык Кеңешинин төрагасы: А.Кадыркулов