Редакцияот 15.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 17-сессиясынын 

 

2023-жылдын 15-февралындагы № 8

 

“Жайыт комитетинин 2022-жылга аткарылган иштери жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жѳнүндѳ”

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жайыт комитетинин 2022-жылы аткарылган иштери “канааттандыралык” деп табылсын.

 

2. Жайыт комитетинин 2023-жылга бюджети бекитилсин.

 

3. Каракол жайлоосуна баргандар үчүн, 1-апрелден 1-июнга чейин Акташтын көпүрөсүнөн тескейге өткөн көпүрөнүн бети бүтөлсүн, ачылбасын. Мал тескейге өтпөсүн. 1-июндан баштап тескей тарап ачылсын.

 

4. 1.Жайыт комитетинин бюджетинен былтыркы жылдан калган 53 000 сом жана быйылкы жылдын бюджетинин эсебинен Сары-Булак,Чоӊ-Өр,Тегерек жана Кууганды ѳзѳндѳрүнѳ баруучу жолдор оңдотулсун.

    2.Жайыт тѳлѳмдѳрүн чогултууга жайыт комитетине айылдык кеңештин депутаттары жана айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери кѳмѳктѳшсүн.

 

 

Төрага:

Ф.К.Токушев