Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

CАРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын

 

2023-жылдын 06-октябры № 4/19

 

АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)»-КК АИД-3 долбоорундагы Ири долбоорлор жөнүндө

КК АИД-3түн алкагында айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана ири долбоор тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын жана сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алуу менен, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө АРИС тарабынан колдоого алынган долбоордун тизмеси жана каржылоо булактары менен керектелген акча каражаттын суммасы төмөндөгү таблицага ылайык бекитилсин:

 

№

Долбоордун аталышы

Жалпы бюджет

Грант АРИС

Өздүк салым АӨ

1

Шамен атындагы орто мектебине ашкана үчүн кошумча корпус куруу (Сары-Булак айылы)

175 000

2 175 000

-

 

2. АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында фокус группалардан чыккан укуксуз деп табылган көйгөйлөр жана таблицада көрсөтүлгөн долбоор Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана  2023-жылдын  инвестициялык планына киргизилсин.

3. Таблицада көрсөтүлгөн  объектинин техникалык тейлөөсүнө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдар каралсын.

4. Бул токтомдогу ири долбоорго  тиешелүү иш-кагаздарды АРИСке өз убагында берүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге тапшырылсын.

5. 5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага:

А. Зарылбек уулу