Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Оргочор айыл аймагынын айыл кеңешинин депутаттарынын 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын 

 

2023-жылдын 28-августундагы № 73

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-август айындагы №318 тескемеси жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 25-августундагы №02-28/2319 каты жөнүндө”

“Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-август айындагы №318 тескемеси боюнча Оргочор айылдык кеңешинин төрагасы У.Дыйканбаевдин маалыматын карап чыгып, Оргочор айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-август айындагы №318 тескемеси боюнча Оргочор айылдык кеңешинин төрагасы У.Дыйканбаевдин билдирүүсү эске алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У.Жапаровдун жетекчилиги астында өткөрүлгөн кеңешменин 2023-жылдын 28-июлундагы №20-12 протоколунун “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун жана Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформасы жана Жалал-Абад, Талас, Ош, Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустары, Бишкек жана Ош шаарлары сунуштаган административдик-аймактык реформаларынын долбоорун талкуулоо тууралуу” биринчи тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 15-августундагы №318 тескемесин жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан белгиленген иш-чаралардын негизинде, айылдык кеңештин депутаттары өз шайлоо округдарында айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери  менен бирдикте жалпы айыл тургундарына аймактык реформа боюнча түшундүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу  жагы айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

У. Р. Дыйканбаев