Редакцияот 14.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  IV сессиясынын

 

2023-жылдын 14-августундагы № 17

 

Ак-Сай айылына чек ара кызматкерлерине турак-жай салуу үчүн жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 "Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, 2022 аскер бөлүгүнүн аскерлерине турак-жай куруу максатында жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн,Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:

 

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын №1151-контурунда жайгашкан 1,0га сугат жер аянтына 2022 аскер бөлүгүнүн кызматкерлерине турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы  жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун” жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

 

Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

И.Акылбекова