АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясынын
2023-жылдын 14-августундагы № 19
Айыл өкмөтүнүн аймагынан 230га жер тилкесине турак-жай салуу үчүн “Калктуу конуштар” жер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардын турак-жай маселесин чечүү максатында Кара участкасынан 20га, СМУ участкасынан 100га, Керме-Тоо участкасынан 60га, Бакай участкасынан 50га жайыт жер тилкелерин “Калктуу конуштар” жерлер категориясына которуу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин VIчакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл аймагындагы Керме-Тоо участкасындагы №88,89,90,97,102,104-контурундагы жалпы: 60,0га, Көк-Таш айылынын Кара участкасындагы №1182,1183,1184,1211,1212,1213,1214,1228,1129-контурундагы жалпы: 20,0га жана СМУ участкасындагы №1026,1041-контурундагы жалпы: 100,0га, Ак-Сай айылынын Бакай участкасынан №1075,1076,1030-контурундагы жалпы: 50,0га, баары: 230га жер “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсөн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
И.Акылбекова |