Редакцияот 14.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  IV сессиясынын

 

2023-жылдын 14-августундагы № 20

 

Ак-Сай айылындагы Бакай участкасына статус берүү жөнүндө

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Бакай участкасында жашаган жарандардын саны улам өсүп жаткандыгына байланыштуу жана чек арада жайгашып стратегиялык мааниге ээ болгондугун эске алуу менен Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:

 

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Бакай участкасыда жашаган жарандарын саны улам өсүп жаткандыгына жана чек арада жайгашып, стратегиялык мааниге ээ болгондугуна байланыштуу Бакай айылы статусун берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

И.Акылбекова