Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы

2022-жылдын 16-сентябры № 1

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-декабрындагы Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Катта-Тал айылынын Зарибдор бөлүмүндөгү сел алган 2.52 га жер аянтын, айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фонд жерине алмаштыруу  жөнүндөгү № 2 Токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 08-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын  15 жана 21 пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылындагы дыйкандарга таандык 2.52 га үлүш жерин, табигый кырсыктан, коопсуз айыл өкмөтүнүн Катта-Тал айылынындагы кайра бөлүштүрүү фонд эсебиндеги жерге алмаштырууга макулдук берилсин.

 

2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов