Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы

2022-жылдын 16-сентябры № 3

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылындагы М.Улугбек орто мектебине караштуу муниципалдык жер тилкесинен айыл жаштарынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы арызынын негизинде “Муниципалдык спорт комплекси” курууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 2-бөлүмүндөгү, 27-беренесинин, 20-пунктуна таянып, Жаңы-Ноокат  айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Кыштак айылынын жаштарынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы арызына негиз, айыл жаштарын колдоо, ден-соолукту чыңдоо, жаштарга шарт түзүү жана спортту өнүктүрүү максатында: айыл өкмөтүнүн менчик эсебиндеги “Муниципалдык спорт комплекси” курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылында жайгашкан, М.Улугбек атындагы орто мектебинин муниципалдык жер эсебинен Жаңы-Ноокат айыл окмөтүнө караштуу Доң-Кыштак муниципалдык спорт комплексине 0.35 га жер аянтты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөп Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,  экология жана жаратылышты  коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов