Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы

2022-жылдын 16-сентябры № 4

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана  жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан 2022-жылдын 13-сентябрындагы протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын  2022-жылдын 13-сентябрындагы протоколунун негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов