Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы

2022-жылдын 16-сентябры № 5

Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында, “Сахаба Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын  4 жана 5-пунктуна  ылайык жана Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Сахаба Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдында “Сахаба Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Каримовге милдеттендирилсин

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов