Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы

2022-жылдын 16-сентябры № 7

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 221 сандуу сунуш катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 221 сандуу сунуш катынын негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын  21-пунктуна  ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттин 70825-бөлүгүнүн 22154900-беренесинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын 70221-бөлүгүнүн  22154900-беренесине которуп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  М. Махмудовго жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов