Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы

2022-жылдын 16-сентябры № 15

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча акча каражаттары жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында: Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын  3 жана 6-пунктуарына ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча кирешесинин эсебинен 3 250 000 (үч миллион эки жүз эллү) миң сом акча каражаттын айыл аймактын ички жолдорүн асфальтоого макулдук берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  М. Махмудовго жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов