Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы

2022-жылдын 16-сентябры № 16

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын 13-сентябрындагы № 212 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Турсунбаева Хосиятхондын жеке менчигиндеги 0.13 га жер аянттынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 13-сентябрындагы № 212 сандуу катында, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Турсунбаева Хосиятхондын жеке менчигиндеги  0.13 га жер аянттынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени үйрөнүп чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы чогулушунун протоколуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна  ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Турсунбаева Хосиятхондын жеке менчигиндеги  0.13 га жер аянттынын багытын, турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.

 

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов