Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 3

Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы 0,70га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы 0,70га жер аянтын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү Чек айылынын тургуну М.Зайналовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы №313-контурунда жайгашкан 0,21 га жер аянты таштуу жайыт жер, №314-контурунда жайгашкан 0,49 га жер аянты таштуу жайыт жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.  Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.  Дара айыл өкмөтүнө караштуу Чек - Баткен унаа жолунун боюндагы 0,70га жер аянты трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Р.Сайкалова