ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 4
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы Кан чебин Баткен райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы Кан чебин Бүткүл дүйнөлүк Юнесконын тарыхий мурастар тизмесине киргизүү максатында, Кан чебин Баткен райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө айылдык кеңешинин депутаты А.Суранчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы 7,08 га жер аянтын камтыган Кан чебин Баткен райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |