ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 5
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн, 2- пунктуна жана Дара айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 43622,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 43622,5 миң сомго, 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолунун киреше бөлүгү 45701,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 45701,5 миң сомго жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолунун киреше бөлүгү 46468,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 46468,5 миң сомго бекитилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2022-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар (атайын каражаттар менен) жалпы 44025,7 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2023-жылга резервдик фондунун өлчөмү 872,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2023-жылга айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу иштерине 1000,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын башына калган бюджеттик калдыктары №3 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
7. Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |
Дара айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын № 5 токтомуна №1 тиркеме |
1. Салык агентине төлөөчү киреше салыгы – 5939,0
2. Патенттин негизинде салык – 420,0
3. Кыймылсыз мүлк салыгы- 24,8
4. Жеке адамдардын транспорт каражатына салык – 680,0
5. Огород жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы - 238,0
6. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба эмес багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы - 1481,5
7. Жер астындагы суулардан – 3,0
8. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөм – 6371,0
9. Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы – 80,0
10. Жайыт ижарасы үчүн акы – 260,6
11. КБФ жерлеринин ижара акысы – 1162,1
12. Калктуу конуштардагы таштанды чыгаруу салыгы – 8,5
Бардыгы - 16668,5
Тендөөчү гранттар – 26954,0
Бардык кирешелер - 43622,5
ФЭБ башчы | Ж.Токтомушова |
Дара айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын № 5 токтомуна №8 тиркеме |
2023-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктардын бөлүнүшү
1. Аппарат бөлүмү 3111 бер. – 5201,7
Бюджеттик калдыктардын баары – 5201,7
2023-жылдын жыл башына калган атайын каражат эсебинин калдыктарынын бөлүнүшү
1. аппарат бөлүмү 2215 бер – 3,2
2. 3111 бер - 400,0
Атайын каражаттардын калдыктарынын баары – 403,2
Бардыгы – 5604,9
ФЭБ башчы | Ж.Токтомушова |