ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш арекеттер планы жөнүндө” №305- Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305- Жарлыгын негизинде, айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш арекеттер планын натыйжалуу пайдалануу максатында, Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы И.Тилековдун сунушун угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңещи токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. “Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасына 43500 АКШ долларына (3 841 050)сомдук HOWA ZZ3327S3847E үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу техникасы, 93000 АКШ долларына (8 211 900) сомдук Грейдер GR165 үлгүсүндөгү жол тегиздөөчү оор техникаларды алууга макулдук берилсин.
3. Тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. “Мурас Автобаза” муниципиалдык ишканасын түзүү үчүн керектүү болгон атайын (спец) техникаларды сатып алууга керектелүүчү акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |