ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 10
“Дара Тазалык” МИнын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Дара Тазалык” МИнын 2022-жылда аткарган иштери жана 2023-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө М.Зайналовдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2022-жылга отчёту кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Дара айыл аймагындагы “Дара Тазалык” МИнын 2023-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 155040 (бир жүз элүү беш миң кырк) сом, чыгаша бөлүгү 859200 (сегиз жүз элү тогуз миң эки жүз) сомго бекитилсин.
3. 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)
4. Киреше бөлүгүнө жетпеген акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан субсидия катарында каржыланып берилсин.
5. “Дара Тазалык” МИнын кызматын пайдаланган ар бир кожолук үчүн милдеттүү түрдө айына 50 (элүү) сом тариф болуп белгиленсин.
6. Бюджеттик мекеме ишканалардагы ар бир адамга 100 сомдон, ал эми мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир бала үчүн 5 сомдон болуп тариф белгиленсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Р.Сайкалова |