Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 28-февралы № 16

Жаны-Жер айлындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган өндүрүштүк аймакка асфальт завод жана кум шагал сорттоочу завод куруу үчүн 3,0га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-жер айлындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган өндүрүштүк аймакка асфальт завод жана кум шагал сорттоочу завод куруу үчүн 3,0га жер аянтын көп жылдык ижарага берүү жөнүндөгү Баткен шаарынын тургуну Т.Курбанбековдун арызын карап жана талкуулап, Дара айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-жер айылынын күн чыгыш тарабындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган 50,0га өндүрүштүк аймактан 3,0га жерге асфальт завод жана кум шагал сорттоочу завод куруу макулдук берилсин.

2.  Асфальт завод жана кум шагал сорттоочу завод куруу үчүн ажыратылган 3,0га жер аянты аукциондун негизинде көп жылдык ижарага берилсин.

3.  3,0га жер аянтынын ижаралык баштапкы баасын аныктоо жагы Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн.

4.  Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Р.Сайкалова