КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 11-марты № 26/4
27-сентябрь 2022-жылы чыккан №19/8 токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Халича» Коомдук кайрымдуулук фонду Кочкор айылына аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, жетим балдарга, жалгыз бой энелерге социалдык шаарча куруп берүүгө бөлүнүп берилген 12 га жер аянтынын ичинен ипотекага көп кабаттуу үй салууга 4 га жерди бөлүп берүү жөнүдөгү Кочкор районунун администрациясынын башчысы аким Э.А.Омошевдин сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор айыл аймагындагы (стадиондон) трансформацияга сунушталган 35 гектар жер аянтынан, социалдык шаарча куруу үчүн бөлүнгөн 12 га жер аянтынын ичинен ипотекага көп кабаттуу үй салууга 4 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Бул долбоорду мыйзам чегинде аткаруу менен тиешелүү документтерди толуктоо боюнча иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Н.Сакыева |