Редакцияот 28.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы

 

2023-жылдын 28-январы № 17-1

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылга иш-планы бекитүү жөнүндө

 

      Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы күн тартибиндеги, “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылга иш - планын бекитүү жөнүндөгү”  маселеле карап чыгып, талкуулап  токтом кылат:

     

      1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылга иш-планы бекитилсин.

     

      2. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин төрайымынын орун басарлары  И.Мансуровго жана К.Алимовго  жүктөлсүн.  

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык  кеңешинин төрайымы:                                                                                                                                                                                                    Д.Д.Рахманова

 

 

 

 

тиркеме                                                                                                     

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин

2023-жылга иш-планы

 

№

Иш-пландар

Мөөнө-тү

Жооптуулар

1

Айылдык кеңештин  2023-жылга иш-планын долбоорун бекитүү жөнүндө.

I квар-тал

Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары жана депутаттары.

2

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн  “2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы,  2023-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү,  2022-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун” бекитүү жөнүндө.

I

квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук  боюнча” туруктуу комиссиясы.

3

Туруктуу комиссиялардын 2022-жылдагы өздөрүнүн  иши жөнүндөгү отчету.

I

квар-тал

Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары.

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

4

Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча, “Шамшат-Суу”, “Сүрөттүү-Таш” жана “Жаңы-Турмуш”  ИСКАКБларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.

II

квар-тал

Айыл өкмөтү, Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “социалдык маселелер боюнча” жана “бюджет, финансы боюча” туруктуу комиссиялары, “Шамшат-Суу”, “Сүрөттүү-Таш” жана “Жаңы-Турмуш”  ИСКАКБлары.

5

-Айылдык аймактагы айыл чарбасынын иштеринин абалы жөнүндө.

-Айылдык аймактагы “Мырза-Ажы”, “Жойпас”  СПАларынын  дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу боюнча аткарып жаткан иштерин абалы жөнүндө.

 -мал жандыктарын ветеринардык жактан тейлөө иштери жөнүндө.

II

квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы, “Мырза-Ажы” жана “Жойпас”  СПАлары.

6

Айыл  өкмөтүнүн, 2023-жылдын биринчи жарым жылда  аткарган иштери жөнүндө жана экинчи жарым жылга милдеттери отчету.

III квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук  боюнча” туруктуу комиссиясы.

7

 

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык аймакта “Үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун аткарылышы жөнүндө.  

III

квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары,  айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясы.

8

Айылдык  аймакта  2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине карата  билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө

IV

квар-тал

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин бюджет жана социалдык маселелер, боюнча туруктуу комиссиялары.

9

Айылдык  аймактын  2023-жылдын социалдык-экономикалык  өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө

IV

квар-тал

 

Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “социалдык маселелер боюнча” жана “бюджет, финансы боюча” туруктуу комиссиялары,

 

Уюштуруу практикалык иш-чаралар

1

Айылдык кеңештин депутаттарынын, туруктуу комиссияларынын окууларын уюштуруу.

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары.

2

Айылдык кеңештин сессияларында  берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттору.

Ар дайым

Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары.

3

Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусу

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин депутаттары.

4

Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү.

Ай сайын

Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин туруктуу комиссялары.

5

Айыл аймагынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган кайрылууларынын аткарылышын көзөмөлдөө.

Ар дайым

Айылдык кеңештин төрайымы, орун басарлары жана жооптуу катчысы

7

КРнын Президентинин, ЖКнын жана Министрлер кабинетини Мыйзамдарын турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү.

Ар дайым

Айылдык кеңештин төрайымы, орун басарлары жана айылдык кеңештин депутаттары.

 

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин

төрайымынын орун басарлары:                                                                                К.Алимов

 

                                                                                                                                        И.Мансуров