Редакцияот 28.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы

 

2023-жылдын 28-январы № 17-3

 

Айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча»  туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-декабрындагы  № 10-протоколун бекитүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Айылдык кеңештин, бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча  туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 10 - протоколун бекитүү жөнүндөгү”  маселе боюнча, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-декабрындагы отурумунун № 10 - протоколун  карап  чыгып, талкуулап  токтом кылат:  

1. Айылдык  кеңештин  «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча»  туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 10-протоколу бекитилип, Кыргыз Республикасынын  бюджетинен, айыл өкмөтүнүн бюджетинин жер салыгынан жоготууларын ордун толтурууга келип түшкөн 599 500,0 сом акча каражаты, Жаңы-Турмуш  айылынын  Б.Осмонов,  Мукумий жана У. Рахманов көчөлөрүн кесилишине жол чырак (светофор) орнотууга  каражылансын.

2. Бул ишти аткаруучу Ош СМЭУ ГАИ ишканасына түздөн-түз келишим түзүүгө макулдук берилсин.

 

3.  Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча”  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык  кеңешинин төрайымы:                                                                                                                                                                                                    Д.Д.Рахманова