Редакцияот 28.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы

 

2023-жылдын 28-январы № 17-2

 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин: “2022-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы”, “2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү” жана “2024-2025-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол  долбоорун  бекитүү”  жөнүндө

      Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин: “2022-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы”, “2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү” жана “2024-2025-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү”  жөнүндөгү  маселелер боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 26.01.2023-жылдын отурумунун  № 1-протоколун  карап  чыгып, талкуулап  токтом кылат:  

      1.  Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 26.01.2023-жылдын отурумунун  № 1-протоколу бекитилип, айылдык кеңештин 17.01.2022-жылдагы кезектеги IX сессиясынын № 9-1 токтому менен “Кызыл-Кыштак айыл өкмүтүнүн бюджети, 2022-жылга киреше бөлүгү – 39 605,2  миң сомго, чыгаша бөлүгү  - 39 605,2 миң сомго” бекитилип,  2022-жыл ичинде такталган киреше бөлүгү       - 87 292,0 миң сом, аткарылышы - 91 614,6 миң сомго, же - 105,0 % аткарылганы,  ал эми бюджетинин такталган чыгаша бөлүгү - 87 292,0  миң сом болуп,  аткарылышы - 71 788,6  миң сомго, же - 82,2 %  аткарылганы белгиленсин.

2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгүн -51  473,4  миң сомго,  чыгаша бөлүгү  -  51 473,4  миң сомго бекитилсин.  Анын ичинен:         - 8 280,0 миң сом атайын каражат эсебинен.

3.  Айыл өкмүтүнүн резервдик фондуна – 515,0  миң  сом   ажыратылсын.

4. Айыл өкмөтү,  айылдык  кеңештин   финансы  маселелери  боюнча  туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип  чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинде  каралган нормалардын чегинде, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө  укуктуу.    

5. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 05. 11. 2011-жылдагы № 451,              10. 07. 2015 - жылдагы № 480 жана 05. 02. 2020 - жылдагы № 64 - токтомдорунун  негизинде   45  кызмат орду болуп бекитилсин. Мындан:  20 штат негизги,  6 штат айыл башчылар,  7 штат АКС (ВУС) инспекторлор, 4 штат кенже тейлөөчү кызматкерлер (МОП),  6  штат маданият тармагындагы кызматкерлер жана  2 штат айылдык кеңештин төрайымы  жана жооптуу катчысы.    

6. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин божомол долбоору: 2024-жылга киреше бөлүгү - 58 515,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү - 58 515,4 миң сомго  жана  2025-жылга киреше бөлүгү - 60 789,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү - 60 789,4 миң сомго  бекитилсин.

      7. Бул токтомду аткарууга алуу  Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча»  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык  кеңешинин төрайымы:                                                                                                                                                                                                    Д.Д.Рахманова