КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 28-январы № 17-5
Калкка жеткирилип берилүүчү ичүүчүсуунун баасын жогорулатуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Шамшат-Суу” ИСКАКБнын, “калкка жеткирилип берилүүчү ичүүчү суунун баасын жогорулатуу жөнүндөгү“, 15.12.2022-жылдагы билдирүүсү боюнча, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, № 123 Мыйзамынын 34-бернесинин 11-пунктуна ылайык, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы отурумунун № 1 - протоколун карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
I. Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы № 1 - протоколу бекитилип, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) 25.03.2015-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын, “Шамшат-Суу” ИСКАКБнын калкка берилүүчү суунун баасын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү № 65- токтомунун 1 ; 2 жана 3 - пунктары:
1. Көчөдөгү суу түтүктөрүнөн суу кабыл алуучу ар бир жашоочуга – 16 сом 61 тыйын;
2. Короосунда суу түтүгү болуп суу эсептегичи жок ар бир жашоочуга – 22 сом 84 тыйын;
3. Короосундагы суу түтүкчөсүндө суу эсептегичи бар үй-бүлөгө бир метр куб (1 м³) сууга – 13 сом 34 тыйын.
- төмөнкүдөй болуп өзгөртүлөрсүн:
1. Көчөдөгү суу түтүктөрүнөн суу кабыл алуучу ар бир жашоочуга – 19 сом 02 тыйын;
2. Короосунда суу түтүгү болуп, суу эсептегичи жок үй-бүлөнүн ар бир жашоочусуна – 28 сом 02 тыйын;
3. Короосундагы суу түтүгүндө, суу эсептегичи бар үй-бүлөгө, бир метр куб (1 м³) сууга – 16 сом 31 тыйын.
II. Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жана “Шамшат-Суу” ИСКАКБсына жүктөлсүн.
III. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин: «Бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» жана “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова