Редакцияот 28.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы

 

2023-жылдын 28-январы № 17-6

 

Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы көчөлөрдүн  атын өзгөртүү жөнүндө 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы   көчөлөрдүн  атын өзгөртүү” жөнүндөгү  маселелер боюнча, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын 26.01.2023-жылдын отурумунун  № 1- протоколун  карап  чыгып, талкуулап  токтом кылат:

Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын 26.01.2023-жылдагы отурумунун  № 1- протоколун  чечими бекитилип: 

1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылдагы “Жаштар”  көчөсү  Раимжанов  Вахаб атындагы көчө деп  өзгөртүлсүн.

 

2. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Коммунист айылындагы жаңы конуштун № 5/1 көчөсү  Каримжан Эшматов атындагы  көчө деп  өзгөртүлсүн.        

 

3.  Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык  кеңешинин төрайымы:                                                                                                                                                                                                    Д.Д.Рахманова