КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 28-январы № 17-11
Өзүн макулдугу менен өткөрүп берген жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жана багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Жаңы-Турмуш айылындагы “Достук” көчөсүндө жайгашкан Абдуллаева Матлюбанын жеке менчигиндеги турак-үй багытындагы - 0,12 га жер тилкесин, өзүнүн макулдугу менен мечитке бергендиги боюнча, айыл өкмөтүнүн муниципалдык мекчигине алып, багытын турак-үйдөн “мечит” деп өзгөртүп берүү жөнүндөгү” 27.01.2023-жылдагы чыгыш № 84 сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечими бекитилип:
1. Абдуллаева Матлюбанын өзүнүн макулдугу менен “мечит” үчүн берип жаткан, Жаңы-Турмуш айылынын “Достук” көчөсүндө жайгашкан жеке менчигиндеги турак-жай багытындагы 0,12 га жер тилкеси, айыл өкмөтүнүн муниципалдык мекчигине алынып, “мечит” үчүн пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова