КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 28-январы № 17-10
Айылдык аймактагы аныкталган жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Айылдык аймактагы аныкталган жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү”, айыл өкмөтүнүн 29.12.2022-жыл чыгыш № 1927 кайрылуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои көчөсүндөгү № 282-үйдүн жанында жайгашкан 122,0 чарчы метр жер тилкеси, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, трансформатор орнотуу макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” № 37 Мыйзамынын негизинде иш алып барылсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова