КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 28-январы № 17-13
Айылдык аймактагы жер тилкесинин максаттуу багытына өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Айылдык аймактагы жер тилкесинин максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү”, айыл өкмөтүнүн 27.01.2023-жыл чыгыш № 82 сандуу кайрылуу каттары боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 27.01.2023-жылдагы отурумунун № 1-протоколунун чечими бекитилип:
1. Ишкаван айылындагы жаңы конуштун башкы планындагы “Магазин жана ФАПтын” жалпы аянты - 540,0 чарчы метр жер тилкесинен, “Магазинеге” каралган 300,0 чарчы метр жер аянты турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова