КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 28-январы № 17-14
Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан, Кызыл-Кыштак ҮДТнын базасында “Тез жардам” бекетин ачуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, күн тартибиндеги кошумча маселе: “Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан, “Кызыл-Кыштак ҮДТнын базасында “Тез жардам” бекетин ачуу боюнча, айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн токтомдорун чыгарып берүү жөнүндө” суранышкан, Кыргыз Республикасынын 1-Элдик курултайынын делегаты Д.Рахмановдун, айылдык кеңештин депутаттары О.Токторалиеванын, Г.Мирзакаримованын, Д.Номановдун, Ё.Раимованын жана Д.Сатвалдиевдин 27.01.2023- жылдагы билдирүүсүн негизинде токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан “Кызыл-Кыштак” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) базасында “Тез жардам” бекети ачылсын.
2. “Кызыл-Кыштак” ҮДТ имаратындагы, мурдагы лаборатория жайгашкан эки бөлмөлүү стоматологиялык кабинетине 2023-жылга келишим түзүлбөгөндүктөн, стоматологиялык кабинетинин инвентарын алып чыгып кетүүгө бир жума убакыт берилгенди жөнүндөгү, Кара-Суу районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 11. 01. 2023-жылдагы № 12/01-4 билдирүүсүнө ылайык, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 11.01.2023-жылдагы № Р-713 билдирүүсү эске алынсын жана аны аткаруу жагы Кара-Суу районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунан суралсын.
3. “Кызыл-Кыштак” ҮДТ базасында, “Тез жардам” бекетин ачуу үчүн “Тез жардам” автоунаасы жана тийиштүү штаттар менен камсыз кылуу Кара-Суу районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунан суралсын.
4. Ушул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрайымынын орун басары И. Мансуровго жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: Д.Д.Рахманова