Редакцияот 16.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы

 

2023-жылдын 16-июнундагы № 2/3

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кошумча акча каражатынан бөлүү жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2023-жылга кошумча акча каражатынын көлөмү 691,2 сомго бекитилсин.

2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын кошумча акча каражатын 357,0 сомго төмөндөгүдөй статьяларга жумшалсын.

 

№

Статья

Мазмуну

Сумма

1

2215

Башка тейлөө кызматтары

50,0

2

3111

Башка курулмаларды одоо

237,0

3

3112

Башка жабдууларды алуу

70,0

Баары

357,0

 

3. Акча каражатыни көтөруп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.

 

4. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн  жоопту катчысы Ж.Касымова  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К. Субанбеков