Редакцияот 12.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы

 

2023-жылдын 12-июлундагы № 3/5

 

Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы Алыш орто мектемине наам ыйгаруу жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы жаңы салынган Алыш орто мектебине наам ыйгаруу боюнча Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылынын тургуну Исаков Курманбек Туйбаевич көп жылдан бери агартуу тармагында жетекчиликте эмгектенип, жаны салынган мектептин салынышына зор салымын кошуп, жаш муун келечектирдин келечегине кам көрүп, бүгүнкү күндө күжүрмөн эмгегин баалап жана Алыш айылынын тургундарынын Исаков Курманбек Туйбаевичтин ысымын ыйгарууга берилген сунушунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы жаны курулган мектептин наамына Исаков Курманбек Туйбаевичтин ысымын ыйгаруу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеш токтом кылат:

 

1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы Алыш орто мектебинин курулушуна зор салымын кошуп, жаш муун келечектирдин келечегине кошкон салымы үчүн, Алыш айылынын орто мектебине Исаков Курманбек Туйбаевичтин ысымы ыйгарылсын.

 

З. Укук күбөлөндүрүүчү тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго тапшырышсын.

 

 

Төрага:

К. Субанбеков